Буга чейин ырчы Мирбек Атабеков казакстандык ырчы Жанар Дугалова менен казактардын бир тасмасына саундтрек катары ыр жаздыра турганын жазган элек. Бирок эки ырчы ыр жаздырбай калышты. Бул тууралуу Мирбек Атабеков SUPER.KG порталына билдирди.
"Казактардын жаңы тартылган тасмасына Жанар Дугалова экөөбүз саундтрек кылып "Сүйөм, жек көрөм" деген ырды жаздырмай болгонбуз. Ыр жаздыруу чыгымын тасма тартуучу топ көтөрмөк, бирок аларда каржы жаатында маселе жаралып, саундтректи пайдаланбай калышыптыр. Ошол себептен Жанар экөөбүз ыр жаздырууну токтоттук. Бирок кийинчерээк бир ырды дуэт аткаралы деп сүйлөштүк", - деди Атабеков.