Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 2 адам каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда окуя бүгүн, 26-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 493-чакырымында катталып, Хюндай Аванта жеңил унаасы менен Днепр үлгүсүндөгү кран кагылышкан. Кырсыктан 2 адам жабыркап, 2 адам каза болгон.

Ошондой эле басма сөз кызматынан учурда каза болгон жарандардын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатканын кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rysik79
2018-02-26 09:41:02
Конумуш адатка айланып барат тообоо..
+3
serepchi
2018-02-26 10:35:34
Кудайым эле сактайгөр
+1
Ayida
2018-02-26 10:40:24
Коптон бери бир аз тынч болуп калды эле Ош Бишкек жолу.Аллахым сактасынчы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан