Бишкекте эки кыз зер буюмдарды саткан дүкөндөн алтын сөйкө жана шакекти уурдап кетти. Бул тууралуу дүкөндүн ээси SUPER.KG'ге 26-февралда кабарлады. Бул фактыны милиция да тастыктап, арыз түшкөнүн айтты. Учурда Бишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө тобу тарабынан иш териштирилип жатат.
Дүкөн ээсинин айтымында, 24-февраль күнү саат 13:37 чамасында эки кардар кыз дүкөнгө кирип келип, ал алагды болуп калганда сөйкө жана шакекти уурдап кетишкен. Зер буюмдар кимдер тарабынан уурдалганы дүкөнгө коюлган видеобайкоого түшүп калган.
"Дүкөнгө эки кыз кирип келип "апабыз 50 жашка чыкты, белекке бергенге кандай зер буюмдарыңыз бар?" деп 1 миң 500 долларлык моюнга таккан алтын чынжырларды карап, кийин "банкоматтан акча алып келели" деп кетишкен. Бирок мен ошол учурда жаңы келген товарларды жайгаштыруу менен алектенип калганда алар витринага кол салып 75 миң сомдук алтын сөйкө жана шакекти уурдап кетишиптир. Кыздардын уурулук аракети видеобайкоого түшүп калган. Дароо ал видеону социалдык баракчаларга жайгаштырып, кыздарды тааныгандар болсо кабарлап коюуну өтүнгөм. Эртеси эртең менен аларды тааныган кыздар мага жазып, алар буга чейин да ушундай уурулук кылып жүрүшкөнүн айтышты. Кыздар Тогуз-Торо районунан болушат экен. Байкеси да чалып "төлөп берем, видеолорду өчүрүп койгулачы" деп суранды. Андан кийин уурулук кылган кыздар өздөрү балама телефон чалып бүгүн түшкө чейин төлөп бере турганын айтышкан. Бирок келише элек, телефон номерлери өчүк болуп жатат", - деди дүкөндүн ээси.