Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда зыяндуу сымапты мыйзамсыз алып бара жаткан адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ала-Бука айылында жолдо бара жаткан жеңил унааны токтотуп, тинтүүгө алышкан. Унаада 2 килограмм 550 грамм сымап табылган. Унаанын ээси Т.Р. аттуу жаранга 254-берене (күчтүү таасир тийгизүүчү же уулуу заттарды сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.