Соңку бир жуманын ичинде 336 айдоочу мас абалында кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-февралдан 25-февралга чейин административдик жоопкерчиликке 23 миң 401 айдоочу тартылган. Анын 336сы мас абалында унаа башкарып кармалган. Андан тышкары 1 миң 157 унаа айып аянтчасына токтотулган.
Ошондой эле басма сөз кызматынан бир жумада жол эрежесин бузуп, кармалган айдоочулар төлөгөн айып пулдун суммасы 15 миллион 942 миң 400 сомду түзөрүн кабарлашты.