Бишкекте Кызыл-Аскер каналынан суу ашып, эки ишкананын аймагын каптап, тургундардын үйүн каптоо коркунучу да жаралды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"24-февралда саат 12:40тар чамасында аба ырайынын жылуу болгонуна байланыштуу карлар эрип, Кызыл-Аскер каналынан суу ашып кеткен. Натыйжада, Лев Толстой көчөсүндөгү “Каганат Строй” жана "Газпром" ишканасынын аймагынын жарымын суу каптаган. Андан сырткары От-Араба көчөсүндөгү турак үйлөрдүн короо-жайларын каптап кетүү коркунучу жаралган. Буга байланыштуу бул маселени жоюу үчүн 2 техника жана 13 адам тартылды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Андан сырткары кечээ, 25-февралда 40 метр канал тазаланганын, бүгүн, 26-февралда дагы тазалоо иш-чаралары улантыла турганын кошумчалашты.