Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Васильевка айыл аймагында 10 турак жайды суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аба ырайынын жылыганына байланыштуу талаадагы карлар эригенден улам каналга топтолгон суу 10 турак үйдүн короо-жайларын каптаган. Ал жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 8 кызматкери 2 техникасы жана жергиликтүү тургундардан 42 адам тартылган. Натыйжада, турак жайларды каптаган суулар сордурулуп, 400 даана капка кум толтурулуп, каналдын жээги бекемделген.