Таласта 31 жаштагы адам аялынын көзүнчө эркин күрөш боюнча машыктыруучуга 20 жолу бычак сайып салган

Таласта 31 жаштагы адам аялы менен бара жатып, 42 жаштагы эркин күрөш боюнча машыктыруучу болуп иштеп жүргөн жаранга 20 жолу бычак сайып салган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын билдирүүсүнө караганда, окуя 23-февралда саат 22:30дар чамасында Талас облусунун Кара-Буура районунда болгон.

“23-февралда Кара-Буура районунун 42 жаштагы тургуну бычактан оор жаракат алып ооруканага түштү деген маалымат келген. Кийин окуя болгон жерде иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 31 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Учурда ага "адам өлтүрүүгө аракет жасоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Андан сырткары жаракат алып ооруканага түшкөн жаран Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында эркин күрөш боюнча машыктыруучу болуп иштеп жүргөнүн да кошумчалашты.

Жубайын кызганган жаран спортчуга 20 жолу бычак сайган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aza84
2018-02-26 23:45:53
Спортсмен учун аман калса керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан