Кыргыз өлкөсүнүн бийчилери Лиссабондо өткөн эл аралык турнирде күмүш медалга татыды

Португалиянын Лиссабон шаарында эл аралык бий турнири өткөрүлүп, Кыргыз өлкөсүнөн барган бийчилер спорттук жана бал бийи боюнча күмүш медалга татыктуу болушту. Бул тууралуу спорттук бий боюнча федерация билдирди.

Маалым болгондой, турнирге 15 мамлекеттен 53 жуп катышкан. Кыргыз өлкөсүнөн барган Артём Семеренко менен Валерия Качалко өлкөбүздүн намысын татыктуу коргоп, күмүш медалга арзыды.

Белгилей кетсек, бийчилер буга чейин бир нече жолу чет өлкөдө өткөн эл аралык турнирлерде алдыңкы орундарды багындырып келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан