Америкалык ырчы Гвен Стефани сүйүктүүсүнүн турмушка чыгуу тууралуу сунушун четке какты

Америкалык ырчы Гвен Стефани сүйүктүүсүнүн турмушка чыгуу тууралуу сунушун четке какты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, ырчы сүйүктүүсү, белгилүү америкалык ырчы Блэйк Шелтон менен 3 жылдан бери жарандык никеде жашап жатканына карабай, баш кошуу тууралуу сунушун кабыл алган эмес. Мунун себеби ал турмуш курууга шашылбай тургандыгын жана азыркы жашоосу канааттандырып жатканын айткан. Ошондой эле ал сүйүктүүсүнөн кош бойлуу экенин билгенде гана ага турмушка чыгууга даяр боло турганын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Гвен Стефани мурунку жолдошу Гэвин Россдэйл менен 3 балалуу болгон соң ажырашып, учурдагы сүйүктүүсү Блэйк Шелтон менен мамиле кура баштаган. Чет элдик басылмалардын жазгандарына таянсак, Шелтон ырчынын балдарына абдан камкордук менен мамиле жасайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан