Олимпиаданын 8 жолку чемпиону, ямайкалык жөө күлүк Усэйн Болт футболдук клуб менен келишим түздү. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Мен азыр эле бир футболдук клуб менен келишим түздүм. Ал кайсы клуб экенин экинчи күнү (ред. 27-февралда) билесиңер", - деп жазган баракчасына.
Белгилей кетсек, Болт өткөн жылдын октябрь айында 2018-жылы футболчу катары карьерасын баштай тургандыгын билдирген. Ал "Манчестер Юнайтед" футболдук клубунун күйөрманы экени көпчүлүккө белгилүү.
Усэйн Болт 1986-жылы 21-августта Ямайканын Трелони шаарында төрөлгөн. Ал Олимпиада оюндарынын 8 жолку жана Дүйнөнүн 11 жолку чемпиону. Ошондой эле 100 жана 200 метр аралыкка чуркоо боюнча учурдагы дүйнөлүк рекорддун ээси.