Спорттук күрөш Кыргыз өлкөсүндө спорттун олимпиадалык түрлөрүнүн арасында сап башында турат. Мындай пикирин бүгүн, 26-февралда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирди.
Анын айтымында, күрөш - Кыргыз мамлекети каражат сарптаган спорттун 5 түрүнүн ичинен эң алдыда.
"Биздин спортчулар Азия, Дүйнө чемпиондуктарында жана Олимпиадада дагы мыкты көрсөткүчтөргө ээ болууда. Азия чемпиондугу Бишкекте өтө турганына "Бириккен күрөш дүйнөсү" уюмуна ыраазычылык билдиргим келет", - деди Канат Аманкулов.
Айта кетсек, спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу Бишкек шаарында 27-февралдан 4-мартка чейин өткөрүлөт. Анда Кыргыз өлкөсүнөн медалдар үчүн жалпы 25 спортчу күч сынашат.