14-июнда Молдованын Тирасполь шаарындагы “Шериф” стадионунда Кыргызстан - Молдова футбол командалары Азия футбол конфедерациясынын "Азия чемпиондугу-2014" мелдешинин чакырык кубогуна тандап алуу оюндарында беттеш өткөрөт. Айта кетсек, АФК оюндарынын алкагында Кыргызстан 3-ирет мелдешке катышып жатат. Эске салсак, мекендештерибиз 7-июнда бахрейндиктер менен беттешип, аларды 3:1 эсебинде жеңип алса, 11-июнда эстониялыктар менен ойноп, мелдеш 1:1 эсебинде тең чыккан. Ал эми молдовалыктар менен болгон беттешти көпчүлүк күтүп турган учур.