Оштун "EREM" командасы волейбол боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды

Ош шаарында 24-25-февраль аралыгында өткөн волейбол боюнча эл аралык мелдеште Оштун "EREM" командасы жеңүүчү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынан билдирди.

Аталган мелдеште медалдар үчүн 9 команда күч сынашты, алар Кыргыздын "EREM", "Салам-Алик", "Дархан-ОшТУ", "Ош Бажы", "Жаңы-Муун", "Улар", "Ош-Отор", "Аксы" командалары жана Өзбекстандан келген "Андижан" курама командасы болду.

Жарым финалда "EREM" командасы "Салам-Аликти" жеңип алса, "Улар" командасы "Аксыны" жеңип алды. Муну менен 1-орун үчүн "EREM" менен "Улар" командалары кез келсе, 3-орун үчүн "Салам-Алик" "Аксы" менен беттешти.

Коло медаль үчүн таймашта "Салам-Алик" командасы 2:0 эсебинде жеңишке жетсе, 1-орун үчүн "EREM" командасы "Уларды" 2:0 эсебинде жеңип алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
G.Bale
2018-02-26 16:02:56
Кыргызстан чемпиондугун бербей келген "Ош Бажы" кучтуу эле кандай алдырып койду экен?
+2
Dembele84
2018-02-26 16:07:28
Эл аралык десе ар мамлекеттен келген клубдар ойногон окшойт десе,только озубуздукулор го,озбекстандан бир клуб кошулбаса
+2
karakulja
2018-02-26 16:44:01
Азаматсынар, ушундай оюндарды коп коп откоруп элдин батасын алгыла.
+2
Rasul94
2018-02-26 18:39:37
озу Жамал удачный оюнчу деп ойлойм
-1
aiman1983
2018-02-27 17:50:38
Алмаз Атабаевдин суротун эмне илип алышты, как будто Кыргызстандын желегин чет элде желбиреткенсип. Ойносо озу учун ойноп келет го
0
kyialreal
2018-02-27 20:17:37
Эй жинди оюнду ошонун урматына уюштуруп атпайбы. СПОРТТУК 20 ЖЫЛ ДЕП
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан