Ош облусунун Кара-Суу районундагы айылдардын биринен 54 жаштагы эркек кишинин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG'ге билдиришти.
"25-февралда Кара-Суу районунун Шарк айылындагы үйлөрдүн биринен 54 жаштагы адамдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү боюнча Кара-Суу РИИБине маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам-териштирүү тобу эркек киши кимдир-бирөөлөр тарабынан каза болгонун аныкташкан. Ал башынан катуу жаракат алганы аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси "адам өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголуп, учурда кылмышка шектүүлөр изделип жатат.
Ал эми каза болгон жаран Орусияда иштеп жүрүп, 2017-жылдын ноябрь айларында мекенине келген. Жубайы Түркияда эмгектенет. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, маркум ошол күнү үйүндө жалгыз болгон.