Түркияда өткөн кыргыз күрөшү боюнча эл аралык мелдеште 6 Кыргыз спортчусу жеңишке жетти

Кечээ, 25-февралда Түркиянын Анкара шаарында кыргыз күрөшү боюнча өткөн II Ачык биринчиликтин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучу Данияр Онобасов билдирди.

Аталган мелдешке Иран, Ирак, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Түркия жана Кыргыз өлкөлөрүнүн балбандары катышып, 200дөн ашуун спортчу 8 салмак ченинде (55, 60, 65, 70, 75, 80, 85 килограммга чейинки жана 95 килограммдан жогору салмак чендери) медалдар үчүн күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында кубоктордун жана акчалай сыйлыктардын ээлери Марсель Алыкулов, Максат Акылбеков, Рамис Өмүралиев, Камбарали Хабиббулаев, Ороз Нурлан уулу жана Уранбек Кудайбердиев болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан