ТИМ: "Алматы-Бишкек багытындагы жол кырсыгынан Кыргыз жараны каза болду"

Казакстандын Алматы облусунда бүгүн, 26-февралда Кыргыз жарандары катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, бүгүн саат 05:30дар чамасында Таргап айылында Кыргыз жарандары катышкан жол кырсыгы катталган. Алматы-Бишкек жолунда Тойота Эстима унаасы автобус менен кагылышып, айдоочу рулду башкара албай калган.

"Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, кырсыктан эки жаран каза болгон. Алар 1971-жылы туулган Сузак районунун тургуну М.С. жана Сузак районунун Октябрь айылында туулган, бирок Казакстандын жараны 1970-жылы туулган А.Г. болгон. Ал эми айдоочу Өзгөн районунун Кысык-Алма айылынын 38 жаштагы П.Ж. аттуу жараны", - деп айтылат маалыматта.

Унаада 6 жүргүнчү болуп, дагы үч жаран ар кандай жаракаттарды алышкан.

Буга чейин "Элдик кабар" рубрикасына бүгүн, 26-февралда Чымкенттен Краснодар шаарына бара жаткан автобус жол кырсыгына кабылганы, ичиндеги 55 жарандын 14ү Кыргыз жарандары экендиги маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
G.Bale
2018-02-26 18:58:44
Тияка кеткендер туугандардан окшойт, ошолор кобунчо такси, автобус, спринтерлер менен кетишет Россияга, себеби жандары оло бышык болот))
-5
Boldukan86
2018-02-27 13:29:19
G.Bale, антип айтпаныз жаныбыз темир болсо да учак менен учсакта машинада журсокда Аллах каалаган убакта каалаганын алып коёт. Муну ажал дейт. Жолдун амандыгын берсин деп бекеринен айткан эмес. Кырсык каш кабактын ортосунда.Адам олуп жатат жайы жаннатта болсун дейли.
+1
Medina87
2018-02-26 22:01:12
Бугун танга жуук калын туман болду Алматыда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан