Бишкек шаарында старт ала турган күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнүн атынан Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында катышкан Базар Базаргуруевге коло медаль тапшырылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, эл аралык Олимпиада комитети 2017-жылы украиналык Василий Федоришиндин канында допинг табылгандан улам анын ийгиликтерин жокко чыгарган. Буга байланыштуу анын 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында жеңип алган күмүш медалы япониялык спортчуга, ал эми коло медаль Кыргыздын атынан күрөшкөн Базар Базаргуруевге ыйгарылган.
"Базар Базаргуруев Бишкекте өтө турган күрөш боюнча Азия чемпиондугуна келсе, ага Олимпиаданын коло медалы тапшырылат. Бул медалды Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков тапшырат деп күтүп жатабыз", - дейт спорт агенттигинин маалымат катчысы.