Күрөш боюнча Азия чемпиондугунда жеңүүчүлөргө бериле турган медалдардын сүрөттөрү коомчулукка жарыяланды

Күрөш боюнча Азия чемпиондугунда жеңүүчүлөргө бериле турган медалдардын сүрөттөрү коомчулукка жарыяланды. Медалдар тууралуу маалыматты жана сүрөттөрүн Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт агенттиги жарыялады.

Маалым болгондой, алар темир эритмесинен жасалган. Медалдар 8 бурчтуу, диаметри 70 миллиметр, калыңдыгы 6 миллиметр. Ал эми салмагы 170 грамм. Бетине оюндун аталышы англис тилинде жазылып, Азия чемпиондугунун символу болгон ак илбирстин сүрөтү түшүрүлгөн. Мындан сырткары, эстелик медалдары даярдалган. Жалпысынан чемпиондукта грек-рим күрөшү боюнча 30 медалдар топтому ойнотулат. Кыргыз өлкөсүнүн намысын 25 спортчу коргойт.

Белгилей кетсек, Азия чемпиондугу Бишкек шаарында 27-февралдан тартып 4-мартка чейин өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jigit.1982
2018-02-27 11:53:24
Ошондо алтын, кумуш жалатылганбы медалдарга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан