Жалал-Абад ОИИБи: "Ала-Букада жергиликтүү тургундар алтын кенден өз алдынча казуу иштерин жүргүзүүгө аракет кылышкан"

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы "Иштамберди" алтын кенинде жергиликтүү тургундар өз алдынча казуу иштерин жүргүзүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 19-февралдан 20-февралга караган түнү болгон. Анда 20га жакын жергиликтүү тургундар алтын кенинин иштебей турган шахтасына кирип өз алдынча казуу иштерин жүргүзүүгө аракет кылышкан.

"Бул тууралуу алтын казган компаниянын жетекчилиги 21-февралда Ала-Бука РИИБине арыз менен кайрылган. Кийин бул факты боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, 20га жакын адам суракка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми айтылып жаткан "жергиликтүү тургундар колдоруна темирлерди кармап алтын кендин кызматкерлерин коркутууга аракет кылган" деген маалымат чындыкка дал келбейт", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nuri1988Elim2010
2018-02-27 11:38:42
Кайдагыны айтышатда!!!жергиликтуу калк деп эле асылыша берет экенда!!!Сыртка алып чыгып кеткен башка жарандардарды карашпайбы
+2
shnaider
2018-02-27 12:21:27
иштамбердиде видимой алтын жокко, неге казышат?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан