Чүйдө турак жайдан чыккан өрттөн 1 адам каза болду

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда турак жайдан чыккан өрттөн 1 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында турак жай өрттөнүп жатканы тууралуу кечээ, 26-февралда саат 7:00дөр чамасында маалымат түшкөн. Ал жерге өрт өчүрүү кызматы барып, өрттү саат 9:30дар чамасында толук өчүрүп бүтүшкөн. Өрттүн кесепетинен 42 жаштагы У.А.В. аттуу жаран каза болгон. Учурда өрттүн эмнеден улам чыкканы такталып жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан