Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 99-100-чакырымдарында кечээ, 26-февралда саат 16:30дар чамасында кар көчкү түшкөн. Ага байланыштуу бул жол аркылуу өткөн каттам убактылуу жабылган. Кийин ал жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 4 кызматкери жана 1 техника тартылып, саат 18:30дар чамасында унаа жолдогу кар көчкү толук тазаланып, каттам ачылган.