Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында болуп өткөн Кышкы Олимпиада оюндарынан келе жаткан орус лыжачыларына сүйүктүүлөрү аэропорттон турмушка чыгуу тууралуу сунуштарын киргизишти. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Кышкы Олимпиада оюндарынан келе жаткан орус лыжачылары Анна Нечаевская менен Анастасия Седовага сүйүктүүлөрү аэропорттон шакек сунуп, турмушка чыгуу тууралуу сунуштарын киргизген. Бул сунушка спортчулар өздөрүнүн макулдуктарын беришкен.
Лыжачылардын бири Нечаевская: "Күткөн эмесмин, азыркыга чейин толкунданып жатам. Эми эле өзүмдү тынчтандырып, эсимди жыя баштадым", - деп өз сезимдери менен бөлүшкөн.
Белгилей кетсек, орус делегациясы Пйоңчаңдан Москвага 26-февраль түнү кайтып келген. Олимпиада оюндарында орусиялык спортчулар жалпысынан 17 медалга ээ болушкан. Ал эми орусиялык лыжачы кыздар 12 жылдан бери алгачкы жолу эстафеталык жарышта Олимпиада медалдарын багындырышкан.