Базар-Коргондо бычактан жаракат алган 5 адамдын бири ооруканадан чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Мамажан Миянов билдирди.
"Бычактан жаракат алып ооруканага түшкөн 5 адамдын бири 57 жаштагы Ч.Б. аттуу адам абалы жакшы болуп калганына байланыштуу ооруканадан үйүнө чыгарылды. Калгандарынын абалдары туруктуу, алар ооруканадан качан чыгарылат азырынча белгисиз", - дейт Мамажан Миянов.
Эскерте кетсек, окуя 21-февраль күнү саат 21:30 чамасында Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында болгон. Анда үйгө мас абалында кирип барган 34 жаштагы Б.Т. аттуу адам мурдагы аялы 25 жаштагы Ж. кызы Гны жана анын ата-энесин, 6 жашар инисин бычактап, кийин жардамга келген эки кошунасына да бычак сайган. Андан соң кылмышкер из жашырып качып кетип, эртеси эртең менен кармалган.
Кырсыктын кесепетинен окуя болгон үйгө коңшу жашаган 1983-жылы туулган Б.Т. бычактан алган жаракатынан улам каза болгон. Ал эми 5 адам ооруканага жеткирилген.