Бүгүн, 27-февралда 31-жолу өткөрүлүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алды. Анда үй ээлеринин балбандары менен 18 өлкөдөн келген спортчулар 30 медаль топтомдору үчүн күч сынашат. Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча мелдештер башталып, анда эки кыргыз балбаны финалга чыга алышты.
55 килограмм салмакка чейинки категорияда 18 жаштагы Жоламан Шаршенбеков күйөрмандардын кызуу колдоосунда казак жана кытай атаандашын удаасы менен жеңип алды. Жаш балбан эми финалда япон балбаны Шота Танокура менен кезигет.
63 килограмм салмак ченинде өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада чемпиону Урмат Аматов корей жана япон өлкөлөрүнүн спортчусун утуп, финалда 3 жолку Азия чемпиону, “Рио-2016” Олимпиада оюндарынын коло байге ээси өзбек балбаны Элмурат Тасмурадов менен беттешет.
77 килограмм салмакта күрөшкөн Эсен Асанов медаль үчүн күрөштү токтотсо, Азат Бейшебеков (87 килограмм) менен Мурат Рамонов (130 килограмм) коло байге үчүн күрөштөрүн улантат.
Финалдык беттештер бүгүн саат 18:00дө башталат.