Чүйдө бешиктеги баласын кескилеп салган 23 жаштагы келин Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканада дарыланууда. Ал баласын "итке бергиле" деп эшикке көтөрүп чыккан

Ысык-Ата районуна караштуу Красная-Речка айылында бешиктеги баласын бычак менен кескилеп, "итке бергиле" деп эшикке көтөрүп чыккан келин Аксыдагы психиатриялык ооруканада дарыланууда. Мындай маалыматты бүгүн, 27-февралда Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан тастыкташты.

"Өз баласын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген келинди 2017-жылы 12-октябрда Ысык-Ата райондук соту психикалык жактан оорулуу деп тапкан. Буга байланыштуу аны Жалал-Абад облусуна караштуу Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык ооруканасында мажбурлап дарылоо чечимин чыгарган. Учурда ал келинди аталган ооруканада дарыгерлер көзөмөлдөп жатышат. Ал оор кылмыш жасагандыктан күчөтүлгөн тартипте кайтарылат", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Эске салсак, 2017-жылы, 28-майда Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Красная-Речка айылында 23 жаштагы келин бешикте жаткан баласын бычак менен кескилеп, "итке бергиле" деп бешиги менен эшикке көтөрүп чыккан. Кылмышка шектүү катары ымыркайдын апасы кармалып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nursultan93
2018-02-27 17:15:45
Кызыл-жар айылы башка. Бул больница бар кызыл-жар шаарчасы таш-көмүр шаарына карайт.
0
Ayida
2018-02-27 19:08:41
Ошол учун намаз окуп Кудай деп жургуло.Намаз окугандарга аалымдарга асылбагыла жок дегенде
+5
Айдай
2018-02-27 22:38:35
Кудай сактасын!!!
+1
admin_superstan
2018-02-28 11:24:12
Elitta, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. 3 күнгө БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан