Кыргыз жеңил атлетчилери Ташкентте өткөн мелдештен 7 медаль жеңип алышты

Кыргыз спортчулары Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеште 7 медаль тагынышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.

24-25-февраль аралыгында өткөн мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн машыктыруучу Андрей Самоловдун жетектөөсүндө 13 спортчу катышкан. Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз спортчулар 3 алтын жана 4 коло медалга ээ болушту.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

60 метр аралыктагы жарышта: 1-орун - Айгажи Магамедгажиев (7,08 секунд);

200 метр аралыктагы жарышта: 1-орун - Татьяна Рыбакова (26,38 секунд);

3000 метр аралыктагы жарышта: 1-орун - Айнуска Калил кызы (11 мүнөт 29,5 секунд);

60 метр аралыктагы жарышта: 3-орун - Данил Карин (8, 93 секунд);

60 метр аралыктагы жарышта: 3-орун - Нурганым Сарыбаева (8,33 секунд)

800 метр аралыктагы жарышта: 3-орун - Денис Власенко (2 мүнөт 10,79 секунд);

Ядро ыргытуу (3 килограмм): 3-орун - Сабина Батажиева (9,31 секунд)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
48489494kuban
2018-02-27 21:48:05
Алигаджи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан