ЖЫЛНААМА, 27-ФЕВРАЛЬ: Шоумен Манас Алыкулов туулган күнүндө жаңы үйгө көчүп киргенин айтты

Бүгүн, 27-февралда алпаруучу жана шоумен Манас Алыкулов 25 жашка толду. SUPER.KG порталы шоуменди туулган күнү менен куттуктап байланышканда жагымдуу кабарлары менен бөлүштү.

"Бул ирет туулган күнүм жакшы кабарлар менен коштолуп жатат. Жаңы үйдүн курулуш иши аяктап көчүп келдим. Андыктан чыгармачылыктагы досторум, жакын санаалаштарымды жаңы конушубузга чакырдым. Буга чейинки туулган күндөрүм кафе-ресторандарда өтчү. Айта кетсем, биринчилерден болуп досум Курал Чокоев куттуктады. Ал эми келинчегим бир күн мурда дүкөндөргө алып барып, кийим-кечек алып берген. Белектердин эң кымбаты жубайымдын өзгөчө мамилеси болуп жатат", - дейт ал.

Манас Алыкулов куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу. Ал 1993-жылы 27-февралда Ош облусунун Ноокат районунда жарык дүйнөгө келген. 21 жашынан баштап шоу дүйнөсүнө аралашып, алпаруучулук кесипти аркалап келет.

27-февралдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан