Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпиондугу салтанаттуу ачылды

Бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунун расмий ачылыш аземи орун алды. Ачылыш азем кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарынын жаңыруусунда коштолду. Андан соң Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов мелдешти ачык деп жарыялады.

Өз кезинде Аманкулов мелдештин жалпы катышуучуларына ыраазычылык билдирип, баарына ийгиликтерди каалап өттү. Андан кийин сөз иш-чарага келген Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы Сапар Исаковго берилди.

"Кымбаттуу достор, Кыргыз өлкөсүнүн жалпы жарандарынын атынан келген конокторду "Кош келипсиздер" деп тосуп алууга уруксат кылыңыздар. Жалпыңыздарды спорттук иш-чаранын салтанаттуу ачылышы менен куттуктайм.

Урматтуу ири спорттук мелдештин катышуучулары, коноктору, биздин өлкөгө ишенип келгениңиздер үчүн сиздерге ыраазычылык билдиребиз. Мындай иш-чаралар биздин өлкөдө жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтууга, дени сак муунду тарбиялоого жана дүйнөлүк спорттук аренада өлкөбүздүн атын таанытууга өбөлгө болот. Күрөш боюнча Азия чемпиондугун уюштурган бардык тараптарга рахмат. Спорттук күрөш - биздин өлкөдөгү эң алдыңкы спорттун түрлөрүнө кирет. Өлкө аймагында спорттун бул түрү менен машыккандардын саны 20 миңден ашат жана өлкөбүздүн калкынын саны үчүн жакшы көрсөткүч. Биз үчүн бул чек эмес. Бул багытта биздин спортчулар дүйнөлүк мелдештерде да бир катар ийгиликтерди жаратып келген, жалпыңыздарга ийгиликтерди каалайм", - деди Сапар Исаков.

Эл аралык мелдештин ачылыш аземине Күрөш арасында бириккен дүйнөнүн вице-президенти Ахрол Рузиев, Күрөш боюнча Азия кеңешинин президенти Даулет Турлыханов, Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев жана башка тиешелүү өкүлдөр, спортчулар жана күйөрмандар катышты.

31-жолу өткөрүлүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда 18 өлкөдөн келген спортчулар 30 медаль топтомдору үчүн күч сынашат.

Мелдештин стартындагы 4 медаль. Кыргыз балбандар чеберчилигин көрсөтүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан