Күрөш боюнча Азия чемпиондугу: Кыргыз спортчуларынын капчыгына алгачкы күмүш медалды Жоламан Шаршенбеков алып келди

Бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков күмүш медалды тагынды. 55 килограммга чейинки салмак категорияда күч сынашкан Шаршенбеков финалда япониялык Шота Танокура менен кез келди.

Беттештин жыйынтыгында, кыргыз балбаны 4:5 эсебинде жеңилип калды. Муну менен кыргыз балбаны күмүш медалды тагынып, Кыргыздын капчыгына алгачкы медалды алып келди.

Буга чейин маалымдалгандай күрөш боюнча Азия чемпиондугунун биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча мелдештер башталып, анда эки кыргыз балбаны финалга чыгышкан. Алардын бири Жоламан Шаршенбеков болсо, экинчиси 63 килограмм салмак ченинде күрөшкөн Урмат Аматов.

Мелдештин стартындагы 4 медаль. Кыргыз балбандар чеберчилигин көрсөтүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KgKerim
2018-02-27 19:31:07
Жарайсын Жоломан сенден коп ийгиликтерди кутобуз алга Кыргызстан!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан