Күрөш боюнча Азия чемпиондугу: Грек-рим күрөшү боюнча финалдык беттеште кыргыз спортчусу өзбекстандык спортчуга жеңилип калды

Бишкек шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун грек-рим күрөшү боюнча финалдык беттешинде кыргыз спортчусу өзбекстандык спортчуга жеңилип калды. Анда кыргыз балбаны Урмат Аматов өзбекстандык Элмурат Тасмурадов менен кез келген. Беттештин жыйынтыгында кыргыз балбаны 0:8 эсебинде жеңилип калды.

Муну менен 63 килограмм салмак ченинде күрөшкөн Аматов күмүш медалды тагынып, Кыргыз капчыгына 2-медалды алып келди.

Айта кетсек, Урмат Аматовдун атаандашы Элмурат Тасмурадов Азиянын 3 жолку чемпиону, “Рио-2016” Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси. Буга чейин 31-жолу өткөрүлүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда 1-күмүш медалды Жоламан Шаршенбеков жеңгени маалымдалган. Ал грек-рим күрөшү боюнча финалдык беттешке чыгып, япониялык спортчудан жеңилип калган.

Күрөш боюнча Азия чемпиондугу бүгүн, 27-февралда старт алды. Анда үй ээлеринин балбандары менен 18 өлкөдөн келген спортчулар 30 медаль топтомдору үчүн күч сынашат. Спорттук мелдештин ачылыш аземи Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында салтанаттуу өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kaary
2018-02-27 20:01:02
Азаматсың Аматов! Алга! Ушунуса да щүгүр кыл! Финалга чыкпай калсаң эмне болмок! Азаматсыңар! Алгаа!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан