Азия чемпиондугунда Кыргыз балбаны Азат Бейшебеков коло медаль жеңип алды

Бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз балбаны Азат Бейшебеков коло медаль жеңип алды.

85 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Азат Бейшебеков коло медаль үчүн күрөштө казакстандык Хуссейн Муцольгов менен кез келген.

Беттештин жыйынтыгында Кыргыз балбаны атаандашын 5:2 эсебинде жеңип алган. Муну менен Азат Бейшебеков Кыргыз курамасынын капчыгына алгачкы коло медалды алып келди.

Эске салсак, буга чейин Жоламан Шаршенбеков менен Урмат Аматов күмүш медалдарды тагынышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azat.97
2018-02-27 21:12:59
Азамат!!!
+1
Kyialbek.a
2018-02-27 22:22:51
Админ эртен килемге кимдер чыгат саат канчада тактап коёсуздарбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан