Бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз балбаны Мурат Рамонов коло медаль жеңип алды.
130 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Мурат Рамонов коло медаль үчүн күрөштө казакстандык Антон Савенко менен кез келген. Кыргыз балбаны 1 мүнөт 36 секундда атаандашын жеңип алган. Муну менен Мурат Рамонов Кыргыз курамасынын капчыгына 2-коло медалды алып келди.
Эске салсак, буга чейин Жоламан Шаршенбеков жана Урмат Аматов күмүш медалдарды утушкан. Ал эми Азат Бейшебеков коло медалдын ээси болгон.