Аида Салянованын иши боюнча шаардык соттун чечими арадан 21 күн өтсө да жактоочусуна бериле элек. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда SUPER.KG порталына Аида Салянованын жактоочусунун жардамчысы Марлен Керимкулов билдирди.
"Негизи мыйзам боюнча Бишкек шаардык сотунун чечими жактоочуларга 10 күндүн ичинде берилиши керек болчу. Биз чечимди бергиле деп арыз жазып, Бишкек шаардык сотуна да кайрылганбыз. Бирок арадан 21 күн өтсө да колубузга тие элек. Чечимди алсак, анын негизинде Жогорку Сотко кайрылмакпыз", - дейт Керимкулов.
Андан сырткары, ал жактоочулардын Жогорку Сотко кайрылуу мөөнөтү мыйзам боюнча чектелбегенин, ал эми прокурор нааразы болсо 1 жылга чейин гана кайрыла аларын кошумчалады.
Эске салсак, 7-февралда Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата чыгарган Ленин райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган. Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет.