Бишкекте жылуулук түтүктөрү өткөн кудуктан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды

Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районунда белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кечээ, 27-февралда Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы жылуулук түтүктөрү өткөн кудуктан 40-45 жаштагы азиат түспөлүндөгү адамдын жансыз денеси табылды. Ал жансыз денени биздин кызматкерлер чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан