Бишкекте жолдон апасы менен өтүп бара жаткан кызды сүзгөн унаанын ээси табылды, бирок айдоочу табыла элек

Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде жолдон апасы менен өтүп бара жаткан кызды сүзүп кеткен унаанын ээси табылды, бирок айдоочу табыла элек. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда, апасы менен бара жаткан кызды сүзгөн унаа кимге катталганы аныкталган. Бирок жол кырсыгы болгон учурда унааны ишеним кат менен башка жаран айдап жүргөн.

"Жол кырсыгы видеого түшүп калган, анын негизинде унаанын ээсин таптык. Бирок унаа ишеним кат менен бир нече жолу сатылып кеткени белгилүү болду. Учурда жол кырсыгы болгондо унааны башкарып бара жаткан айдоочуну, тактап айтканда, акыркы жолу унааны сатып алган адамды издеп жатабыз", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, 19-февралда саат 17:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Анда жолдон апасы жетелеп өтүп бара жаткан наристе кызды унаа бир нече метр аралыкка ыргыта сүзгөн. Жол кырсыгынын кандай болгону видеого түшүп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2018-02-28 11:42:09
Тапса болот жон эле,чындап киришсе
+4
kamchatka
2018-02-28 11:53:21
айдоочу Бишкектеле журот ошону барып кармап келгени журогундо жалы бар миллиция жок болуп атаат себеби иштен кетип каламбы деп коркот анткени айдоочу бир чоон жумушта иштеейт деп эле уялбай тартынбай эле айткылада!
+2
altyn7776
2018-02-28 11:59:40
Акчасын алып жалгандан кармабай журу да. Коррупционерлер.
+3
bond02
2018-02-28 12:35:01
койгулачы ай жаш баланы алдагансып.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан