Чүйдө 8 турак жайды суу каптады

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 8 турак жайды суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-февралда саат 18:00дөр чамасында Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагында 8 турак үйдүн короо-жайларын суу каптаган. Ал жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери барып, суу сордурулуп, тазалоо иштери кечки саат 21:45те жыйынтыкталган.

Ошондой эле басма сөз кызматынан күн жылыганына байланыштуу кар эрип жана жааган жамгырдан улам топтолгон суулар каптаганын кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
seed
2018-02-28 11:22:08
трансформатор ачык эле турабы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан