Кыргыз-Казак чек арасындагы казылган чуңкурдан ашкан суу 11 турак жайдын короосун каптады

Кыргыз-Казак чек арасындагы казылган чуңкурдан ашкан суу 11 турак жайдын короосун каптады. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Степное айыл аймагында 27-февралда саат 18:00дөр чамасында 11 турак жайды суу каптаган. Ал жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери барып, суунун агымын буруп, турак жайлардын жер төлөсүнө кирген сууну сордуруп, тазалашкан.

Андан сырткары басма сөз кызматынан турак жайларды каптаган суу күн жылып, кардын эригенинен жана жааган жамгырдан улам Кыргыз-Казак чек арасын чектөө үчүн казылган чуңкурга толгон суу экенин кабарлашты.

Айта кетсек, буга чейин окурман SUPER.KG'ге кайрылып Чүй облусунун Жайыл районундагы Степное айылындагы үйлөрдү суу каптап жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан