Өзүн "жылдыздын жылдызы" деген Данияр Эрматов ырчылар арасында талкуу чордонунда калды

Жакында ырчылар Данияр Эрматов менен Эдил Маматов айымдардын жаз майрамына карата Орусияга концерт коюп барышмакчы. Бул гастролдук сапары тууралуу ырчылар жарнамалык ролик даярдашкан. Анда Данияр Эрматовго карата "жылдыздын жылдызы" деген баа берилген. Роликти кыргыздын аттуу-баштуу адамдары, ырчылары, аранжировкачылар, музыканттар "жылдыздын жылдызы деген наамды кайдан алсак болот? Кандай түшүнөбүз?" деген суроолордун негизинде талкуулашты.

Талкуу чордонунда калган Данияр "мен бир сүйлөйм, "жылдыздын жылдызы" деген мыкты ырчы деген эле маани. Мен 2013-жылдан бери жылдыздын жылдызы болуп келе жатам" деген жоопторун кайтарууда.

"2013-жылы жеке концертимди бергем. Ал учурда продюсер Канат Кадыржан менен иштешчүмүн. Концертке жарнама жасатуу учурунда Канат байке "жарнаманын өзгөчөлүгү болуш керек, "жылдыздын жылдызы" деп кошолу" деп сунуштап калды. Мен алгач укканда башкача кабыл алып, өзүмдү ыңгайсыз сезгем. Көрсө, туура эле сөз тандалыптыр. Мен аны кечээ эже-агаларымдын айткандарынан улам билдим.

Аталган жарнаманы Инстаграмдагы баракчама да илгем. Аны 20 миңден ашык окурман көрдү. Бирок биринен дагы "сен жылдызсыңбы? Сен кимсиң? Эмне деген жарнама?" деген сыяктуу кептер чыккан жок. Жүздөн ашуун комментарийде "азаматсың, алга, ийгилик" деген сыяктуу адамдын көңүлүн көтөргөн сөздөр айтылган. Өзүм тааныган, сыйлаган агаларымдын сөздөрүнө капа болдум.

"Жылдыздын жылдызы" деген баага чейин наам алгыла дешти. 2015-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" деген төш белгисин алгам. Баары акырындан болот, аракет кылып иштеп жатабыз деген мааниде төш белгимди да сүрөткө тартып киргиздим.

Мисалы, ырчыларга карата күйөрмандардын эркеси, ырчылардын сулуусу деген сыяктуу сөздөр көп эле айтылып жүрөт. "Жылдыздын жылдызы" деген кепти аты чыгып калган, жылдызы жанып турган адамдардын арасындагы жөнөкөйү, кичи пейили, адамгерчиликтүүсү деп түшүнөм. Бул жерде ырчылардын мыктысы деген эч кандай маани да, ой да жок.

Байкелериме, эжелериме жакын адам катары таарындым. Кээ бир учурда жөнөкөйлүгүмдүн, адамгерчиликтүүлүгүмдүн да зыянын тартып калат экенмин", - дейт Эрматов.

Ырчынын ырларын шөкөттөө - чоң эмгек. Учурдагы ырчылардын көбүнүн ырына аранжировка жасап жүргөн аранжировкачы Мирлан Ниязов "жылдыздын жылдызы" деп айткандын өзү туура эмес дейт.

"Билбейм ким кандай ойлойт, бирок "жылдыздын жылдызы" деп айткандын өзү туура эмес. Чыныгы жылдыздар антип айтпашы керек. Канчалаган мен-мен деген дүйнө жылдыздары дагы өзү жөнүндө антип айтышкан эмес.

Азыркы жаш ырчыларга айтарым, мейли "жылдыздын жылдызы" бол, бирок улууларды бир аз сыйлап жүр демекчимин. Анча-мынча тамашаны көтөрүп дегендей. Аларды эч ким жаман деп айткан жери жок. Жакшы жигиттер, болгону анча-мынча дөөлөттү көтөрө билишсе анан жылдыз боло беришет", - дейт аранжировкачы.

Талкууда өз оюн билдирген ырчылардын арасында Өктөм Сапар уулу да бар. Ырчы талкуу тууралуу оюн төмөндөгүчө билдирди.

"Адамды, тагыраагы, ырчыны тааныштыруу максатында өзгөчө бир сөз кошуп айтуу - жарнактын бир өзгөчөлүгү. Ырчынын өзүн-өзү сыпаттаганы, наам ыйгарганы туура эмес. Жылдыз болуп турган күндө да өзүнө-өзү мындай баа бербеши керек болчу. Данияр элдин өзүн колдоп жаткан видеосун чыгарды. Эл антип бир гана Даниярды тоспойт, билишимче, Нурлан Насипти, Нурмат Садыровду деле ошентип тосот.

Мен өзүмө-өзүм эч кандай баа бере албайм. Кээде адам деген атка татыктуумунбу деп ойлоп коркуп да кетем. Жылдыз эмес, адам болуш мен үчүн кыйын. Балким, бул менин алдыга жулунбаган сапатымдан болсо керек. Кээ бир адамдар мактап же "Өктөм биздин жылдыз" деп коюшса өзүмдү ыңгайсыз сезип, отурган жериме батпай кетем", - дейт ырчы.

Кыргыз шоу-бизнесинин казанында бир топ жылдан бери кайнап, ысык-суугун көрүп, өзүнүн маңыздуу ырлары, кайталгыс үнү менен эл алкышына татыган Кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганованы да сөзгө тарттык.

"Чынында азыр демократия. Ырчы өзүн кандай баалайт, кандай жарнамалайт өзү билет. Жарнамада айтылган сөздөрдүн маани-маңызынын жоопкерчилиги да өзүндө.

Ырчылар, баарыбыз эле концерт алдында жарнама кетиребиз. Ошондо мага кандай сөз жарашат деп ойлонобуз. Жеке мен жылдыздын жылдызы, мега жылдыз, супер жылдыз деп өзүмдү өзүм жарнамалоодон уялам. Ал бааны эл бериш керек. Кээде концерттерде алып баруучулар "примадонна, сахна ханышасы" деп чакырып калышат. Мен муну элдин баасы деп кабыл алып, сүйүнүп калам.

Социалдык баракчаларыма пост жазсам же жаңы чыгармамды илсем окурмандар жакшы ойлорун жазышат. Эмгегимди баалап, жакшы ниеттерин билдиришет. Мындай сөздөр ырчыга кадимкидей дем берет", - дейт ырчы айым.

Өлкөдө жүргүзүлгөн көрнөк-жарнактарды, роликтерди көзөмөлдөөчү атайын мекеме бар. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жарнак бөлүмүнүн башчысы Назина Алыкулова төмөндөгүдөй пикирин айтты.

"Ырчылар товарын сатышпайт. Алар кызмат көрсөтүшөт. Эгер берилген жарнамада бирөөнү кемсинтүү, жамандоо же көрө албастык, атаандыштык билинсе анда мыйзамдын негизинде иликтөө иштери жүргүзүлөт. Кемсинтүүгө, жамандоого кабылган адам бизге арыз менен кайрылууга тийиш.

Арыздын негизинде жарнак таратуучу жарнактагы сөздөргө татыктуубу, наамы барбы, ал наамды ким берген, факт менен документтер аркылуу аныктайбыз", - деди Алыкулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (44)
010288
2018-02-28 18:11:45
Пффф
+2
Aipusya_t
2018-02-28 18:11:50
Тооба адамдар мынча каразгойбуз таанысанар да тааныбасанар да ийигилик каалап кое бергиле, эч нерсенер кемип калбайт. Жамандасанар эле силерге муйуз чыгабы озу кыргыздар бироонун жакшылыгын коро албайбыз, биринчи ушул ырчыдай 1болсода ыр ырдап чыккылачы. Мен деле бул ырчынын ырын укпайм деле бирок адамды кемсинтуунун не кереги бар ар ким озунун колунан келген тиричиликин кылып жашайтда каалгандай мактасын озун бул ырчы ошол нерсе менен акча табатта.
0
Dembele84
2018-02-28 18:52:52
Aipusya_t,Сен болор болбосту мактап журо бер,баары сен эмес.Жакшыны жакшы жаманды жаман -деп айтат ал ар кимдин оз эрки.Ырчы эл адамы,алардын кандай баскан турганын эл баалайт ,эл таразалайт.Эл оозунда элек жок дейт ошон учун.Эл соз кылбасын десе,туз журуш керек же вообще шоу бизнестен алыс болуш керек!
+2
кыргыз Алик
2018-02-28 18:30:56
,,Жылдыздын жылдызы,, деген наам ,,Эмгек синирген артист,, деген наамдай болуп кетти го татыктууларга берилбей. :))
+3
burkut100
2018-02-28 18:50:24
Азамат данияр иним. Сен чын эле жакшы ырдайсын. Ушунундан тайба. Эл суйлой бкрет. Алдыны гана карап кете бер, сен женесин. Сен жылдыз болбосон мынча талкуулашмак эмес. Карындаштарым, менин кичинекей кызым ырлаарынды жакшы корот.
-8
Nanei
2018-02-28 20:19:44
burkut100,эл суйлойт эмес,ошол эл бар учун жылдыз боломуштар жылдыздын жылдызы болуп алышат,колдоруна карга чычып
+4
burkut100
2018-02-28 21:05:56
Nanei,элдин баарына жага албайсыын
0
Dembele84
2018-02-28 21:59:01
burkut100,Талкуулаганда жылдыздын жакшы жетишкен жагын эл мактап талкууласа айтсан болот.А бул Жылдыз оорусу менен ооруп,коп мактанган жигиттин мындан ары да куйормандары азайды деген ойдомун!
+3
Mers124
2018-02-28 18:56:59
Жылдыз ооруу деген ушул. Тушунуп койгула
+3
Toliksynchy
2018-02-28 19:30:14
Данияр бул созуно жанындагы кесиптештерин таарынган жокпу алардан озунду ойдорок сезиптирсин адамдын адамы дегенге тушунугун кандай ушул суроого жооп тапсан менимче элдин оюн дагы тушунорсун
+2
alikgz
2018-02-28 20:08:28
Кыргызстанда Мирбек Атабеков Султан Садыралиев омар Гулнур сатылганова ушулар ,
+3
Pandora
2018-02-28 20:59:37
Десе не болуптур?! Жылдызы жанып турган деп алсын,реклама учун создун гулун терип суйлойт,боло берет.
Жогоруда ырчыны тааныбайм дегегдер башка убакта интервью берсе ун катпай келип анан эле жаман жагы чыга келсе "ким бул? тааныбайм тыты,пыты"-дегенинерди койсонор.
-5
Dembele84
2018-02-28 22:05:31
Pandora,Тааныбаса тааныбагандар бардыр,сен таанысан башкасы тааныш керекпи?Мактанчаак опко болсо ар нерсени жазсын,ошон учун теманын аягында комментарий-деп турат.Сен мактасан,башкасы жамандайт жана оз оюн жазат.
+4
Dembele84
2018-02-28 22:13:59
Pandora,Жылдызы жанып турган деген менен жылдыздын жылдызы-дегендин айырмасы чон.Реклама болгондон да озу ошону ырастап мен ошондоймун дегени элге соз болуп жатат,сахналаш досторун да кемсинткендей болуп калыптыр,даже Гулнур антип айткандан уялам деп жатат,а бул ким озу антип айткыдай? XXXX ырчы и всё!
+6
Beknur10
2018-02-28 22:37:33
Ушуга окшогондор тадатты, дагы бироо тамашоудо мени роналдуга окшотот рамосго окшотот десе булу болсо мен жылдыздын жылдызы болуп алыптыр Абдылда агабыз айткандай оооооооо мени куйгузбоооочу
+4
Bars.
2018-02-28 23:05:06
Өзүн мактагандан, өлөрчө кач.
+4
Mederbek0811
2018-03-01 00:45:53
Ары жокко аргасыздан кулосун дегендей, кулуп эле тим болдум. Жылдыздын жылдызына.
+2
FlNAL
2018-03-01 02:08:06
Мен бул ырчыны тааныбайт экем, бирок рналдуга окшоп озун озу мактап, пиарлагандан кийин тааныдым, рондун инисиго деп))
Бирок Гулнур, Сыймык, Бек Борбиевтер чыныгы жылдыздын жылдыздары.
0
ziya
2018-03-01 04:46:34
Jyldyzdyn jyldyzdyysy dese bolmok eken.
0
Rama9191
2018-03-01 08:50:38
Кечирип кой Эрматов бирок сен жылдыздын жылдызы эмессин. Ал наамга татыктуу эмессин. Туш жерге. Сендей мактанчаактар антип асманда учса адреналин ашып, давление болуп, башы айланат. "Озунду эр ойлосон да, бироону шер ойло" - деген макалды укпагансын го дейм. Дагы айтам эсин барда этегинди жап да туш жерге!!
0
Adelina18
2018-03-06 17:47:08
Качан 2жуздуулукту таштайбыз? Эгер мактап жазганда, тим эле мактап ийгилик каалап болбой калсанар керек эле. Адам оз оюндагысын айтыш керекда, бул жерде жазгандардын жарымынан кобу оз оюнарды жазган жоксунар. Силер тааныбасанар кайдан билесинер, кандай ырчы экенин? Силерге жакпаса эле элдин баарына жакпашы керекпи? Онору оркундой берсин, Чыгармачылык ийгиликтер!
Таанылып кележаткан уул-кыздарыбызды буттан тартпай, дем куч берип, жакшы созубузду аябайлычы. Урушпаныздар, рахмат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан