Күрөш боюнча Азия чемпиондугу: Бүгүн Каныбек Жолчубеков, Роман Царев жана Акжол Махмудов килем үстүнө чыгышат

Бүгүн, 28-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунун 2-мелдеш күнү старт алды. Анда грек-рим күрөшү боюнча 5 медалдар топтому ойнотулат.

Бул күнү балбандар 60, 67, 72, 82 жана 97 килограммга чейинки салмак категорияда күч сынашат. Кыргыз өлкөсүнөн бүгүн Каныбек Жолчубеков, Роман Царев, Акжол Махмудов, Атабек Азисбеков жана Үзүр Жусупбеков килем үстүнө чыгышат.

Эске салсак, кечээ, 27-февралда Жоламан Шаршенбеков жана Урмат Аматов күмүш медалдарды утушкан. Ал эми Азат Бейшебеков жана Мурат Рамонов коло медалдардын ээси болушкан.

Кыргыз балбандардын атаандаштары:

60 килограммга чейинки салмак ченинде:

Каныбек Жолчубеков - Шинобу Ота (Япония);

67 килограммга чейинки салмак ченинде:

Роман Царев - Мохаммед Эляси (Иран);

72 килограммга чейинки салмак ченинде:

Акжол Махмудов - Ахмед Дахшан (Иордания);

82 килограммга чейинки салмак ченинде:

Атабек Азисбеков - Нурбек Кашимбеков (Өзбекстан);

97 килограммга чейинки салмак ченинде:

Үзүр Жусупбеков - Мирзоамин Сафаров (Тажистан).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tynchy
2018-02-28 12:24:28
ийгилик кыргыз балбандары кыргыз туусу желбиресин

0
Jigit.1982
2018-02-28 13:46:12
Саат канчада, саатын жазып койсонор, Ктрк спорту карап отуралы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан