Бүгүн, 28-февралда күрөш боюнча Азия чемпиондугунун экинчи күнүндө килем үстүнө 5 салмак категорияда грек-рим балбандары чыгышты. Анда эки кыргыз балбаны финалга өтсө, дагы эки балбаныбыз коло байге үчүн күч сынашат.
72 килограмм салмакта өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону Акжол Махмудов килемге чыгып, Иордания, Индия жана япониялык балбандарды удаасы менен ута алды. Эми ал казак балбаны Демеу Жадраев менен алтын медаль үчүн күрөшсө, 84 килограмм салмакка чейинки категорияда Атабек Азисбеков өзбек жана индиялык балбанды жеңип, финалга чыкты.
Студенттер арасында эки жолку Дүйнө чемпиону Каныбек Жолчубеков 60 килограмм салмакта алгачкы беттеште эле “Рио-2016” Олимпиадасынын күмүш медалчысы Шинобу Ота менен кезигип, жеңилүү ызасын тартып калды. Эми кыргыз балбаны коло медаль үчүн күрөшөт. Ошондой эле 97 килограмм салмакта Үзүр Жусупбеков да 3-орун үчүн беттеш өткөрөт. Ал эми Роман Царев (67 кг) кытайлык балбанга жеңилип, медалдар үчүн күрөштү токтотту.
Финалдык беттештер бүгүн саат 18:00дө башталат.