Эл ташыган маршруттук унаалардын айдоочулары жол эрежелеринин бузулушуна таксисттерди күнөөлөштү

Такси айдоочулары туш келген жерге, аялдамаларга токтоп туруп алышат. Бул көрүнүш шаардагы маршруттук таксилерге ыңгайсыздыкты жаратат. Мындай пикир бүгүн, 28-февралда Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын өкүлдөрү менен маршруттук таксилердин айдоочуларынын жолугушуусунда айтылды.

"Негизи таксисттер биз токтой турган аялдаманы ээлеп алышат. Анан кандайдыр бир жол эрежеси тууралуу сөз болсо эле коомдук унаанын айдоочулары күнөөлүү болуп калат", - дешти айдоочулар.

Ошондой эле өздөрүнүн каттамдарында кайсы жерлер алар үчүн ыңгайсыздык жаратарын жана анын себептерин айтып беришти. Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын өкүлдөрү айдоочуларды жол эрежесин сактап, жүргүнчүлөрдү аялдамалардан гана алып-түшүрүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Kyialbek.a
2018-02-28 16:00:22
Оздорун билсин керек болсо жолдун ортосуна токтоп адам алып тушурот
+3
gulzam
2018-02-28 16:04:53
Чынында буларга чара корулуш керек шашып айдашат өтө калып токтой калып айдашат ошондой эле таксистерге дагы жол эрежесин көп бузушат жол талашып
+3
Ka2sr1
2018-02-28 16:11:54
Бири бирин куноолоп журо беришсин.
+2
Dalil
2018-02-28 16:12:15
Алардын айтканы да туура таксисттер аялдамага коюп алышат. Бирок жол эрежесин бузган маршруттук таксинин айдоочулары көп. Ал үчүн таксилерди күнөөлөп өзүңөрдү актаганыңар туура эмес. Киши алган каалаган жеринен алышат кайра түшүргөндө сүйлөнүшөт. Атаандаш линиядагылардан алдыда болсо жеткирбей айдоо үчүн ылдамдыкты ашырат же тескерисинче болсо аялдамада күн ыссыкта эл кыйналганына карабай 5-10мүнөт туруп алышат. Жолдо тел сүйлөшүү жол эрежесин бузат. Бирок алар тел көп сүйлөшөт. Санай берсең көп
+3
plaza85
2018-02-28 16:16:57
Маршрутка кунолуу болбосо такси дагы кунолуу болбосо анда жургунчулор кунолуу экенда.
+3
Aidani
2018-02-28 16:34:57
Частный таксилерди жок кылып, фирманын таксилерин калтырыш керек, маршруттук таксини жок кылып автобуз тралейбус жургузуш керек, Бишкектин кочолору чынында башаламан, айрыкча Ош базар, Аламидин базарлар борбордук кочолордо жайгашкан, пробка кылат
+3
munar1980
2018-02-28 20:38:22
Бардыгы эмес бирок 80 пайызы маршрутка айдагандар күнөөлү каалаган жерде токтоп адам алышат шашып айдашат аялдамага токтоо деген ой жок маршрутка айдагандарда бир эле ой кай жактан адам чыгат экен деп аландар эки жагын карап айдашат капыс чыгып калса сразу. тормоз тебишет Аялдама деген түшүнүк жок Таксистерде да күнөө бар бирок баары эмес
0
abusait
2018-02-28 23:54:14
Жалан маршруткалар оодарылып жататко , согунгону да маршрутка , жаш келинди сузгонда маршрутка .
0
FlNAL
2018-03-01 02:10:17
Маршруттар деле каалаган жерге жолдун ортосуна токтой беришет, кеебирлери поворднигин же аварийкасын жандырбай эле токтой беришет, оздору деле бузуп журушот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан