Орусияда каза болгон 11 жаштагы кыргыз баланын өлүмүнө апасынын тиешеси жок экени аныкталып, убактылуу кармоочу жайдан чыгарылды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында киши колдуу болуп каза болгон 11 жаштагы Салмон Мадумаровдун апасы убактылуу кармоочу жайдан чыгарылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

"16-февраль күнү тергөөчүлөр маркум Салмон Мадумаровдун апасынын кылмышка тиешеси жоктугун аныктап, аны бошотушкан. 26-январда футбол ойногону чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон Салмондун өлүмүнө апасынын тиешеси бар деп полиция кызматкерлери кармашкан. Анткени апасы уулун диний билим алууга Түркия мамлекетине жиберүүнү көздөп жүргөнүн жана бул маселе боюнча жолдошу менен өз ара жаңжалдашып жүргөнү айтылган", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, буга чейин 26-январь күнү полицияга уулунун жоголуп кеткени тууралуу арыз менен 41 жаштагы Кыргыз жараны кайрылганы кабарланган. Андан кийин Салмон Мадумаровдун жансыз денеси "Купчино" метросунун айланасындагы ээн талаадан табылып, шектүү катары апасынан тышкары 23 жаштагы бир тууган жездеси убактылуу кармоочу жайга киргизилген эле.Териштирүү иштеринин жүрүшүндө баланын жездеси "Салмондун апасы менин жашоомо көп киришчү, андан өч алуу үчүн уулун өлтүргөм" деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aitowa11
2018-03-01 14:34:51
Кудай сактасын! Энени Баладан ажыратпасын
+3
Ask094
2018-03-01 16:37:01
Бул озбек го неге эле кыргыз деп жазасынар админ?
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан