Египет ырчысы Нил дарыясынын суусу кир дегени үчүн жарым жылга соттолду

Египеттик Ширин Абдул Вахаб аттуу ырчы айым Нил дарыясынын суусу булганып калганын айтканы үчүн жарым жылга эркинен ажыратылды. Бул маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ырчы айым күйөрмандары менен баарлашып жатып, "Нил дарыясынын суусун ичсең организмде микробдорду пайда кылат. Андыктан желим бөтөлкөдөгү сууларды гана колдонуу керек", - деп билдирген.

Анын бул билдирүүсүн жергиликтүү бийлик жалган маалымат катары баалап, 6 айга эркинен ажыратуу менен 10 миң египет фунтка (570 доллар) айыпка жыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mentol
2018-02-28 17:42:11
Башы бар адам ушинтип эле кыстырып коет.

А бизде бутундой Кыргыз элин тупойго тенеген жаланчка эчкандай чара корулгон жок
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан