Күрөш боюнча Азия чемпиондугу: Каныбек Жолчубеков ирандык балбанды жеңип коло медалды тагынды

Бүгүн, 28-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунун 2-мелдеш күнү старт алды. Анда грек-рим күрөшү боюнча 5 медалдар топтому ойнотулуп, Кыргыз балбаны Каныбек Жолчубеков коло медалды жеңип алды.

60 килограмм салмак ченинде күч сынашкан Каныбек Жолчубеков коло байге үчүн беттеште ирандык Ширзад Бехештитала менен кез келген. Кызуу беттештин жыйынтыгында Каныбек Жолчубеков 10 упайга ээ болуп, 3 упай топтогон ирандык балбандын үстүнөн жеңишке жетти. Муну менен Жолчубеков коло медаль тагынып, Кыргыз капчыгына 5-медалды алып келди.

Айта кетсек, бүгүн дагы 3 Кыргыз спортчу медалдар үчүн күрөшүшөт. Анда Акжол Махмудов менен Атабек Азисбеков алтын медаль үчүн күч сынашса, Үзүр Жусупбеков коло медаль үчүн күрөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azatbek83
2018-02-28 20:16:28
Азаматсың
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан