Бишкекте жылуулук берүү кандай учурда токтотулары айтылды

Бишкек шаарында жылуулук берүү качан токтотулары азырынча белгисиз. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын өкүлү Аман Калыбеков билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүүнү токтотуу абанын температурасынан көз каранды.

"Кыргызгидромет бизге аба ырайын тактап, "5 сутка бою аба 8 градустан жылуу болду жана 1 айлык мөөнөт ичинде абанын чоң өзгөрүү болбойт" десе, мэрия тиешелүү токтом чыгарат. Андан соң Жылуулук борбору тарабынан жылытуу системи өчүрүлөт", - дейт Калыбеков.

2017-жылы Бишкек шаарында жылуулук берүү 11-апрелде токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azatbek83
2018-02-28 20:14:24
Эртерээк токтотуп кемчиликтерин карайлык деген өңдүү!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан