Күрөш боюнча Азия чемпиондугу: Атабек Азисбеков финалдык беттеште алтын медалды казак балбанга алдырып жиберди

Бүгүн, 28-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунун 2-мелдеш күнү өтүп жатат. Анда грек-рим күрөшү боюнча 5 медалдар топтому ойнотулуп, кыргыз балбаны Атабек Азисбеков күмүш медалды жеңип алды.

84 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Атабек Азисбеков финалдык беттеште казакстандык Асхат Дилмухамедов менен кез келди. Беттештин жыйынтыгында казакстандык балбан 5:2 эсеби менен жеңишти илип кетти. Муну менен Атабек Азисбеков күмүш медалдын ээси болуп, кыргыз балбандарынын эсебине 3-күмүш медалды алып келди.

Азыркы тапта кыргыз балбандары 1 алтын, 3 күмүш жана 3 коло медалга ээ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ALATOOLUK.JIGIT
2018-02-28 20:53:34
Ийгилик жылмайбады,алтын куттум эле. Ыйлаганынчалык болду жыйынтык.
0
Dembele84
2018-02-28 21:10:13
Акжол кучтуу
0
Refiri87
2018-02-28 21:43:10
Коргунууга эртереек отуп алды озуго ОЗУ кылды
-1
Birimdik5555
2018-03-01 01:11:59
Бул акыркысы эмес кой иним башынды котор буга окшогон оюндар дагы коп болот алдыда,кумуш медал дагы жакшы азаматсын!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан