Күрөш боюнча Азия чемпиондугу: Үзүр Жусупбеков кореялык балбанды жеңип, коло медалды ээледи

Бүгүн, 28-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунун 2-мелдеш күнү старт алды. Анда грек-рим күрөшү боюнча 5 медалдар топтому ойнотулуп, Кыргыз балбаны Үзүр Жусупбеков коло медалды жеңип алды.

97 килограмм салмак ченинде күч сынашкан Кыргыз балбаны коло медаль үчүн күрөштө түштүк кореялык Хакбон Гу менен беттешти. Кызуу беттештин жыйынтыгында Үзүр Жусупбеков 6:4 эсеби менен атаандашынын үстүнөн жеңишке жетти.

Муну менен Үзүр коло медалдын ээси болуп, Кыргыз балбандарынын эсебине 4-коло медалды алып келди.

Азыркы тапта Кыргыз балбандары 1 алтын, 3 күмүш жана 4 коло медалга ээ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан