Грек-рим күрөшү боюнча 72 килограмм салмак ченинде Азия чемпиону аталган кыргыз балбаны Акжол Махмудов жеңиштен кийин сезимдерин SUPER.KG порталына бөлүштү.
- Жеңишиң менен куттуктайм! Кыргыз элинин үмүтүн актадың...
- Чоң рахмат! Килемдин үстүндө туруп кыргыз элимдин “Кыргызстан! Акжол!” деп кыйкырып турганы мага дем берди. Кыргыз эли мени ушунчалык колдойт деп ойлогон эмесмин. Мындай колдоону уккандан кийин ичимден “утулгуча ушул килемде өлөм” дедим. Элимдин намысын коргогонума ыраазымын.
- Көптөгөн таймаштарыңда атаандаштарды ири эсепте утасың. Мында финалдык беттеш 4:0 эсебинде жеңилүүң менен башталды. Ушул убакта кандай ойлор келди?
- Башында тактикалык ката кетирип, 4 упайды алдырып жибердим. Бирок машыктыруучумдун айтканындай күрөшүп, жеңишке жеттим. Буга чейин өзүмдүн машыктыруучум Майрамбек Ахмедов беттеш алдында үтүр, чекитине чейин даярдап, килемге чыгарган.
- Ушул жылга болгон негизги планың Дүйнө чемпиондугубу же Азия оюндарыбы?
- Мен 72 килограмм салмак ченинде күрөштүм. Бул салмак категориясы Олимпиада оюндарында жок. Азия оюндарында да 72 килограмм салмагы кошулбай калышы мүмкүн. Азырынча кайсы мелдешке катыша турганым белгисиз.