Нидерланды өлкөсүндө 4 тонна 500 килограмм баңгизатын алып бараткан 6 адам кармалды

Нидерланды өлкөсүнүн полициясы Колумбиядан аткезчилик менен 4 тонна 500 килограмм баңгизатын алып бара жаткан 6 адамды кармашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Бельгиянын бажы кызматкерлери Нидерланды өлкөсүнө бара жаткан контейнерде баңгизат алынып бара жатканын аныкташкан. Ал контейнерде документ боюнча банан болуусу керек болгон. Бул тууралуу алар Нидерланды өлкөсүнүн укук коргоо органдарына кабар беришкен. Кийин Нидерланды өлкөсүнүн полициясы ал контейнерди текшерүүгө алышканда ичинен 4 тонна 500 килограмм баңгизаты табылган. Ошондой эле ал жүктү алып бара жаткан 6 адам кармалган. Алардын бешөөсү Нидерланды өлкөсүнүн, бири Колумбиянын жараны болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nsh
2018-03-01 09:28:52
Тонналап ташышатко чиркин
+2
Baatirbek81
2018-03-01 22:20:01
Азго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан